“МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 27.01.2021
  • 0

«Анкара»  эл аралык кинофестивалында режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. “МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

27- январда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө сыйлоо аземи өтүп, кыргызстандык режиссёрго баш байгени Түрк мамлекеттер Кеңешинин Генералдык секретарынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Султан Раев тапшырды.

“МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап, кино ишмерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, кыргыз киносунун өнүгүп өсүшүнө аны даңазалоого бар аракеттерди көрөөрүн айтты.“МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Ошондой эле иш-чарада акыркы 2 ай аралыгында эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга Кыргызстандын атынан катышкан лауреаттар да катышып, учурдагы кыргыз киносунун маселелери талкууланды.“МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Эске салсак, “Акыркы көч” толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы Эл аралык кинофестивалынын “Мыкты фильми” номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

Ал эми, “Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасынын режиссеру, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Артык Сүйүндүков Калькуттадагы 26-Эл аралык кинофестивалынын “Эн мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болгон.

“МУГАЛИМ”ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Ошондой эле, “Мурас” даректүү тасмасы Америкада өткөрүлгөн Эл аралык “The Hollywood Awards” кинофестивалынын “Эң мыкты даректүү тасма” сыйлыгына ээ болгон. Режиссёру Турсунбек уулу Илгиз-Шернияз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер