МУГАЛИМ – ДҮЙНӨ ТИРЕГИ

  • 04.10.2019
  • 0

Батышта журналистер  «Мугалимсиз дүйнө эмне болмок?» деп суроо узатышса, элдин көбү: «Билимсиз болмокпуз», «Адамдар эмнени каалашса, ошону кылмак.  Баш  аламандык болмок»  деп жооп беришиптир. Ааламдашуу доорунда мынтип мугалимдин агартуучулук ролу өйдөлөп отурганы өтө суктанарлык көрүнүш.

МУГАЛИМДИН АБАЛЫ МУРДА КАНДАЙ ЭЛЕ?

Башка доорлорду кой, жалпыга милдеттүү орто билим берүүнү баарынан жогору койгон совет заманында, В.И. Лениндин « Бизде мугалим болуп көрбөгөндөй бийик орунда турууга тийиш» дегенине карабастан,  эзели жарытарлык болбоптур. А кездеги мугалим Дүйшөндөй көшөкөрлүк менен иштесе да, алган айлыгы Орозкулдун сөзү менен айтканда, бир пальто сатып алганга жеткен эмес.

Ал эми токсонунчу жылдар мугалимдер үчүн зор сыноо болду. Эбегейсиз  система курап, анын ордуна эгемендүү республикалар пайда болгон тушта мугалимдин айлыгы  мышык ыйлагыдай эле. Агай-эжейлердин алган маянасы мурдагыдай айдан-айга эмес, бир кап унга жетпей калды.  Акаевдин тушунда айлыктар чай-чамек, кумшекер, кепич менен берилип, өргүү акчалары үч-төрт жылдап кармалып турду. Кийин 2005-жылы Март революциясынын шарапаты менен гана педагогдор ошол өргүү акчаларын алганы эсибизде.

Көрсө 90-жылдары мектептерди каржылоо Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө эмес, Каржы министрлигинин ыктыярында болуп, мугалимдерге делинген акчалар ансыз да араң турган экономиканын жыртыгын бүтөөгө сарпталчу экен. А кездеги бийлик башчыларынын мындай мамилесинен улам миңдеген мугалимдер мектепти таштап, соодага өтүп кеткени азыр баарына маалым.

ПАРИЖДЕГИ ТАРЫХЫЙ ЖЫЙЫН

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары олуттуу бир окуя аркылуу адамзаттын эсинде калды. 1966-жылы 5-октябрда Франциянын борборунда мугалимдин коомдогу абалына баа берген эл аралык деңгээлдеги жыйын болуп өтөт.

Жыйында башталгыч билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана педагогдук кесипке ынтызар жаштарды тартуу маселеси ар тараптан талкууга алынып, дүйнө мамлекеттерине ЮНЕСКО менен Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) мугалимдин абалын жакшыртуу боюнча сунуштары берилген. Тилекке каршы, ошондогу тарыхый конференциянын чечимдери келишпес эки системанын тынымсыз каршылашуу фонунда көбүнчө кагаз жүзүндө калып, өз максатына жетпеди.

Отуз жылдан кийин, тагыраак айтканда, 1994-жылдын 5-октябрынан тартып дүйнө жүзүндө Мугалимдер күнү белгилене баштайт. Арменияда педагогдордун кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи ишембисинде белгиленсе, Казакстан менен Кыргызстанда октябрдын биринчи жекшембисине туура келет. Россия, Канада, Молдовада жана  дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде мугалимдер күнү 5-октябрда белгиленет.  Башкаларда болсо,  күз айларында майрамдалат.  Мисалы Индияда  5-сентябрь, Кытайда 10-сентябрь, Аргентинада 11-сентябрь, Түркияда 24-ноябрь “ Мугалимдер күнү” болуп эсептелет.

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК КООМЧУЛУККА СУНУШТАРЫ

5-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүндө Бириккен Улуттар Уюму жер шарынын бардык жашоочуларына алардын өмүрүндө чоң өзгөрүү жасаган мугалимди эскерүүгө чакырат. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, акыркы жылдары бүтүндөй дүйнөдө мугалимдердин окутуучулук кесипти массалык таштап кетүүсү байкалууда.

Мындай тенденция биринчи иретте мамлекет тарабынан билим берүүгө бөлүнгөн акчанын азайышы, агартуучулар үчүн тийиштүү эмгек шарттарынын түзүлбөгөндүгү, көпчүлүк мугалимдердин пенсия курагына жакындап, эс алууга кетиши, чаалыгып-чарчаган мугалимдердеги руханий күчтүн мокошу, мугалимдердин ар кандай оору-сыркоолорго кабылышы менен түшүндүрүлөт.

БУУнун Статистика институтунун маалыматына ылайык, 2030-жылга карата дүйнөдө жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча 3.3 млн. мугалимдерди мектепке тартууга туура келет.  Бир катар өлкөлөрдө мугалимдер окуу ишин уюштурууга көмөкчү болгон ресурстарсыз, кесипкөйлүксүз сабак берүүдө. Айлык акынын төмөндүгүнөн көпчүлүгүнүн ставкалары жогору. Натыйжада 250 млн. окуучу сабаттуулуктун базалык көндүмдөрүнө ээ боло албай жатат.

ЮНЕСКО жана анын шериктештери бул күнү баарыбызды башкаларга  мугалимдердин эл аралык майрамынын тарыхый зор маанисин түшүндүрүүгө жана мугалимге инвестициялоо келечекке инвестициялоо менен барабар экенин жеткирүүгө чакырат.

2014-жылы 5-октябрда ЮНЕСКО Эл аралык мугалимдер күнүнүн 20 жылдыгына карата атайын билдирүү таратты. Анда 1966-жылы 5-октябрда кол коюлган ЮНЕСКО менен МОТтун мугалимдин абалы тууралуу Сунуштары бүгүнкү күнү да өзүнүн актуалдуулугун жоготпостугу баса белгиленип, учурдагы ар бир мамлекеттин бул тарыхый документтин алдында моралдык жоопкерчилиги жогору экени айтылат.

Чындыгында билим берүү жаатында мамлекеттер аткарчу маселелердин саны арбын. Башталгыч мектепте эмгектенген мугалимдердин олуттуу бөлүгүн аялдар (62%) түзөт. Айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч 99 пайызга жакындап барат. Мугалимдик кесиптин феминизацияланып баратышынын оң жагына караганда, терс жагы көп. Ушул көрүнүш улана берсе,  мугалимге түзүлгөн эмгек шарттары начарлап, анын айлык акысы азайып, дегеле адамзаттагы эң байыркы кесиптин кадыр-баркы төмөндөп кетиши мүмкүн. Ошондуктан  көбүрөөк сандагы агайлар башталгыч мектеп менен бала бакчаларга иштөөгө келиши керек.

Эл аралык уюмдар эжейлердин табигый-математикалык предметтерди окутууга белсенип киришкени туура деп эсептейт. Бирок гендердик маселе билим берүү ишинде дагы дале олуттуу бойдон калууда. Кээ бир аймактарда аял мугалимдердин жетишсиздигинен улам кыздар мектепке бара алышпайт.

Билим берүүнүн коомдогу орду тууралуу Глобалдык тематикалык пикир-алышуулардын жүрүшүндө 2015-жылдан кийинки мугалимдердин ишинин натыйжалуулугуна көмөк берүүчү негизги принциптердин катарына —  педагогдор үчүн жагымдуу эмгек шарттарын түзүү, анын ичинде эки тарапты канааттандырган эмгек келишимдеринин болушу, айлык акынын, карьералык жактан өсүп-өнүгүүнүн келечеги, кызматтык жактан жогорулоо;   адам укугун урматтоо жана инклюзивдик билим берүүнүн принциптеринин негизинде мугалимдерди  мектепке чейин жана иштеп жүргөн учурунда даярдоо; натыйжалуу башкаруу, анын ичинде мугалимдерди жумушка кабыл алуу жана кайрадан бөлүштүрүү принциптери киргизилген.

Албетте, аталган өнүгүү принциптеринин ишке ашышы ар бир мамлекеттин экономикалык күч-кубатына, жетекчиликтин саясий эркине, элдин билимге болгон мамилесине көз каранды.

А. АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»  

 

Бөлүшүү

Комментарийлер