МУГАЛИМ — ЧЕМПИОН

  • 11.04.2024
  • 0

Кемин районундагы М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет мектебинин дене тарбия мугалими Элазан Замирбеков жакында эле Тайландда өткөн тай бокс боюнча чемпионатта биринчиликти жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Элазан Замирбековдун бул биринчи жолку жеңиши эмес. Ал буга чейин Тайландда, Ашхабадда, Казакстанда, Португалияда өткөн эл аралык турнирлерге катышып, көп жолу чемпион болгон. Россиядан “Бирман” боксу боюнча биринчи орунду ээлеген.

— Мен –эл аралык класстагы спорт чеберимин. Менин ийгиликтеримде менин тренерим Кутепов Виктор Алексеевичтин эмгеги айтып бүткүс чоң, анткени, ал мени спортко машыктыруу менен бирге эле психологиялык, моралдык, материалдык жактан да колдоп, мелдештерге жөнөтүп турат. Мен да ал кишинин ишенимин акташ үчүн алдыга койгон максаттарыма жетүүгө жан аябай аракеттенем. Анан албетте, үй-бүлөдөн да колдоо болбосо, ийгиликтердин жаралышы күмөн, менин чоң атам, чоң апам жана апам менен атам жана келинчегим баш болуп менин спорт менен машыгуума түрткү берип, бардык жактан колдоо көрсөтүп турат, — дейт эки кыздын атасы чемпион мугалим Элазан Замирбеков.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер