МУГАЛИМ — БАРДЫК КЕСИПТЕРДИН БАШАТЫ ЖАНА ПАЙДУБАЛЫ

  • 16.10.2026

«Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров Сокулук районунун алдыңкы агартуучуларына “Жаратман мугалим” жана “Лидер мугалим” сертификаттарын тапшырды.

Ал сокулуктук мугалимдерди куттуктоо сөзүндө бардык реформалардын өзөгү мугалим аткарып жаткан ишинен, ал окуткан билим сапатынан түзүлөрүн баса белгиледи.

— Президенттен баштап катардагы жумушчуга чейин ар бир инсандын инсан болуп калыптанышына, дүйнө таанымынын кеңейишине дал ошол мугалимдин эмгеги сиңген.  Дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан заманда окутуунун эски усулдары менен гана чектелип калуу мүмкүн эмес. Жаңы муунду келечектин чакырыктарына даярдоо үчүн мугалим дагы заман менен бирге өзгөрүп, жаңы технологияларды, заманбап методикаларды жана ийкемдүү мамилени кабыл алышы керек.

Мугалим — реформалардын өзөгү. Канчалык заманбап программалар, стандарттар же мыйзамдар жазылбасын, эгерде аны ишке ашыра турган мугалим болбосо, алардын баары кагаз бетинде гана калат. Класс — бул келечек калыптана турган реалдуу майдан, ал эми мугалим — ошол процесстин негизги автору, — деди.

“Жаратман мугалим” сертификаты ыйгарылган Мээрим Сексекова Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп эмгектенет. 2000-2005-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин аяктаган.

Анын эмгек баракчасында Панфилов районундагы №3 мектепте мугалим, Кара-Балта шаарындагы №4 мектепте мугалим жана ошондой эле Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүндө адис, Бишкек шаарындагы “Радуга” балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеген эмгек тажрыйбалары жазылган.

“Лидер мугалим” сыймыктуу статусуна райондогу эки мектептин директору ээ болду. Бири – КР Эмгек сиңирген мугалими, Сокулук районунун жана Шопоков шаарынын “Ардактуу атуулу” Чынарбүбү Козубекова. Чынарбүбү Стамбековна учурда Шопоков шаарындагы №1 мектептин директору болуп иштейт. 1985-1990-жылдары КУУнун физика факультетин аяктаган. Жалпы иш тажрыйбасы 36 жылды түзгөн тажрыйбалуу жетекчи улуттук жана эл аралык семинар тренингдердин активдүү катышуучусу жана ошондой эле басма сөз беттеринде көптөгөн макалаларды жарыялаган, анын ичинде илимий макалалары да жарык көргөн.

“Лидер мугалим” аталган дагы бир каарманыбыз – Айдай Джолчубекова Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору болуп эмгектенет. Ал №10 Манас мектебин артыкчылык аттестаты жана алтын медаль менен аяктаган. 2008-2013-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинде билим алган.

Жоопкерчиликтүүлүгү, лидерлик сапаты, уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланган Айдай Джолчубекова улуттук жана эл аралык уюмдардын семинар-тренингдерине активдүү катышып, көптөгөн сертификаттарга ээ болгон. Учурда “Көнөк” мультимедиа борборунун редактору катары кошумча ишмердүүлүк менен алектенет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү