МОСКВАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА НАРЫНДЫКТАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

  • 26.04.2018
  • 0

Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын эки окуучу кызы Москва шаарында өткөн «ИнтеллекТ» XX эл аралык олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу мектептин директору А.Самакова билдирди.

МОСКВАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА НАРЫНДЫКТАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

  • 21-апрелде Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын 11 адамдан турган командасы аталган олимпиадага катышты. Жыйынтыгы: бардык 11 окуучу тең ар кандай номинацияларда жеңүүчү болушту. Ал эми 5-класстын окуучусу Шарипова Дарина 5-6-класстар арасында 1-орунду багындырып, жеңүүчүнүн кубогун жана баалуу белек катары электрондук китепти утуп алды. 9-класстын окуучусу Тилембаева Айжамал 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды, — дейт Айчүрөк Самакова.

Олимпиада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 300 окуучуну чогултту. Иш-чарага Канада, Мальта, Түштүк Корея, Кытай, Латвия, Литва, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстандан 2-11-класстардын окуучулары катышты.

МОСКВАДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА НАРЫНДЫКТАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

Маалыматка таянсак, олимпиаданын катышуучулары базалык орус жан англис тилдери, математика, химия, физика, биология, география жана тарых сабактары боюнча өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, ошондой эле музыка, хареография, көркөм өнөр, дене тарбиядагы жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Ар бир жаш куракта 18-20дан бала ат салышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер