МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ ОШТО АЧЫЛАТ ЖАНА АКЫСЫЗ БИЛИМ БЕРЕТ  

  • 07.08.2019
  • 0

Ошто ачыла турган Москва мамлекеттик университетинин филиалында студенттер акысыз билим алышат. Бул тууралуу М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий 6-августта өткөн видеоконференцияда билдиргенин Билим АКИpress агенттиги жазды.

Кыргызстанда ММУнун филиалын ачуу 2020-жылга пландалууда. Анда алгач үч факультетке отуздан студент кабыл алынат.

  • Биз студенттерди Москва мамлекеттик университетинин кабыл алуу тартиби боюнча кабыл алабыз. Себеби филиал болгону менен ал Москва мамлекеттик университетинин түзүмү. Андыктан ага кабыл алуунун шарттары өзгөрбөйт. Алардын иштерин Москвага алып келип, бул жактан текшерип туруп, жыйынтыгын кайра жөнөтөбүз. Биз ар бир абитуриентке жоопкериликтүү мамиле кылабыз. Студенттер ММУнун планы жана программасы боюнча билим алышат. Бүтүрүүчүлөргө Москва мамлекеттик университетинин диплому ыйгарылат. Анда филиал деген жазылбайт жана ректордун кол тамгасы коюлат, — дейт Виктор Садовничий.

Ректордун айтымында, алгач башында бакалаврга гана студенттер кабыл алынат. Андан кийин магистратура дагы ачып, акырындык менен студенттеринин санын көбөйтөт. Кабыл алынган студенттер акысыз билим алышат. Алардын акчасы мамлекет тарабынан төлөнөт.

  • Биздин максат филиал ачып акча табуу эмес. Акы төлөп окуу бара-бара киргизилиши мүмкүн. Бирок биздин башка мамлекеттердеги филиалдарыбызда акы төлөп окуу деген жок. Алардын окуу акысын филиал ачуу сунушун берген мамлекет төлөп берет, — дейт ректор.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жождорунун ректорлорунун Бишкекте өткөн форумунда макулдашылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер