МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ИНСТИТУТУНА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 22.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (КР ТИМ)  2020-2021-окуу жылдарына карата Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2020-жылдын 12-июнунан тартып 2020-жылдын 10-июлуна чейин бакалавриат жана магистратура программалары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат (Тиркеме).

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен  КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот

Конкурска катышууга каттоо жана документтерди тапшыруу онлайн режиминде КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын сайтында жүргүзүлөт — www.dipacademy.kg

Байланышуу тел: 0(312) 62 11 40

МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ИНСТИТУТУНА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Тиркеме

 

 

БАКАЛАВРИАТ
ФакультетБагытЖРТОрундардын саны
1.Эл аралык мамилелерЭл аралык мамилелерНегизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести2
2.Эл аралык экономикалык мамилелерЭкономикаНегизги тест, чет тил жана математика боюнча предметтик ЖРТ тести2
3.Эл аралык — укуктукЮриспруденцияНегизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
4.Эл аралык журналистикаЖурналистикаНегизги тест, тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
Жалпы6

 

МАГИСТРАТУРА
БагытОрундардын саны
1Эл аралык мамилелер2
2Экономика1
3Юриспруденция1
Жалпы4
Бөлүшүү

Комментарийлер