МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЭЛ АРАЛЫК ИНСТИТУТУ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 26.04.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги   Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин Москва мамлекеттик эл аралык институтуна кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

 МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЭЛ АРАЛЫК ИНСТИТУТУ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (КР ТИМ)  2019-2020-окуу жылдарына карата Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (МГИМО) 2019-жылдын 02-майынан тартып 2019-жылдын 20-майына чейин бакалавриат программасы боюнча Кыргыз Республикасынын  жарандарынын – абитуриенттердин документтерин кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

2019-жылдагы Кыргызстандын Жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыгы конкурска катышуунун негизи катары таанылат.

Конкурстук тандоого КРнын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат (Тиркеме 1).

МГИМОго КР ТИМ сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен ЖОЖдун эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт.

МГИМОго конкурстук тандоонун эрежелери менен КРнын ТИМнин сайтынан: www.mfa.gov.kg жана КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясынын сайтынан www.dipacademy.kg таанышууга болот.

 

Документтер төмөнкү адрес боюнча кабыл алынат:

К. Дикамбаев атындагы КР ТИМ Дипломатиялык академиясы.

Бишкек ш., Эркиндик бул, 36, 100 ауд.

Иш тартиби: понедельник –пятница, саат 09-00 18-00 чейин;

суббота, саат 10-00 14-00 чейин.

Тел: 0(312) 62 11 40

 

Тиркеме 1

 

ФакультетБагыт ЖРТОрундардын саны
1.Эл аралык мамилелер, Башкаруу жана саясат,

Энергетикалык саясат жана дипломатия Эл аралык институту

«Эл аралык мамилелер» Негизги тест (расмий тилинде), тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
2.Эл аралык мамилелер«Чет элдик аймак таануу»

 

Негизги тест (расмий тилинде), тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести

 

1
3.Эл аралык экономикалык мамилелер, Энергетикалык саясат жана дипломатия Эл аралык институту«Экономика» 

 

Негизги тест (расмий тилинде), чет тил жана математика боюнча предметтик ЖРТ тести

1
4.Эл аралык укуктук,

Энергетикалык саясат жана дипломатия Эл аралык институту

«Юриспруденция» 

 

Негизги тест (расмий тилинде), тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести

1
5.Эл аралык журналистика«Журналистика»Негизги тест (расмий тилинде), тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
6.Эл аралык журналистика«Жарнама жана коом менен байланышуу»Негизги тест (расмий тилинде), тарых жана чет тил боюнча предметтик ЖРТ тести1
Жалпы6

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер