МОНИТОРИНГ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРГӨЗДҮ

  • 06.04.2022
  • 0

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында эки орчундуу маселе аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

— 2020-жылдын 29-июнунда кабыл алынган КРнын “Мектепке чейинки билим берүү жана бала багуу” мамлекеттик билим берүү стандартынын 67-беренесинин 3-пунктуна ылайык, балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик бала бакчалардын жетекчилерине жана медицина кызматкерлерине, билим берүүнүн аймактык башкаруу органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.

Республика боюнча жүргүзүлгөн мониторинг эки орчундуу маселени көрсөттү. Биринчиси – республика боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктарынын 15% мамлекеттик билим берүү стандартынын 67-беренесинин 3-пункту менен бекитилген талаптары боюнча көзөмөл жүргүзүлбөйт. Экинчиси – бир баланын суткадагы тамак-ашына мыйзам чегинде жергиликтүү бюджеттен жана ата-энелерден алынчу каражаттын көлөму бардык бала бакчаларда сакталбайт. Мындай көрүнүштөр Чүй, Баткен жана Ош сыяктуу үч облуста жайгашкан 9 район жана шаарда жана ошондой эле 59 айыл өкмөтүндө аныкталган, — деди ал.

Тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анын себебин билим берүү уюмдарынын чыгымдарын толук каржылоого мүмкүнчүлүгү жок болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер