«ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА»

  • 06.12.2022
  • 0

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

5-декабрда эл аралык форум Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз телеберүүсүнүн күнүнө арналып өткөрүлдү.  

Жыйындын алдында 1-кабаттын фойесинде журналистика факультетинин телекөрсөтүү багытынын 4-курсунун студенттери тарабынан “Фото искусство” сабагынын алкагында даярдалган “Мен сени сүйөм, өмүр!” аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн, көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү максатында уюштурулган “Биз силерди эскеребиз!” фото-галереясынын, “Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачылык өнөрканасынын жана 2-кабатта жайгашкан КУУнун пресс-борборунун ачылышы болду.

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

Ачылып жаткан объектилердин алдына тартылган кызыл ленталарды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, УТРКнын директору Кайрат Иманалиев, жазуучу жана саясий ишмер Каныбек Иманалиев, «Кут Билим” медиа борборунун директору Кубат Чекиров, мезгилдүү басма сөз кафедрасынын профессору Абдыганы Халилов, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов кести.

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

Медиафорумдун ачылыш аземи журналистика факультети тууралуу даректүү тасма менен башталып, ректор Төлөбек Абдырахманов, УТРКнын директору  Кайрат Иманалиев, Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, жазуучу жана саясий ишмер Каныбек Иманалиев, М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Елена Вартанова  (онлайн), Белорус мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканынын орун басары Виктория Коршук (онлайн), Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин деканы Нуржан Куантайулы (онлайн), ошол эле окуу жайдын журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов куттуктоо сөздөрүн айтты.

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

Төлөбек Абдырахманов беш жүзгө чукул студентти окутуп жаткан журналистика факультетин келечекте институт кылуу максаты бар экенин айтып, бул демилгени жакын арада ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйын Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Оркестр дирижёрлугу» кафедрасынын Р.Жунушов жетектеген комузчулар ансамбли менен К.Бектурганов жетектеген «Салттуу музыка жана фольклор» кафедрасынын ансамблинин өнөрпоз студенттери аткарган К.Орозовдун “Жаш кербез”, А.Насирдиновдун “Жарчы”, казактын “Көр оглу” күүлөрү, Манас айтуу, о.э. “Жүрөгүмдөн”, “Сардал кыз” элдик ырлары жана кыргыз бийи менен коштолуп турду.

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

Түшкү тыныгуудан кийин Санариптик технологиялар борборунда медиа чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү жана жаңы чакырыктарга даярдык көрүү боюнча талкууга жаш адистердин, илимий коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын катышуусун активдештирүү максатында өткөрүлүп жаткан Медиафорумдун пленардык отуруму башталып, Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов, ошол эле университеттин педагогика жана билим берүү менеджменти кафедрасынын профессору  Сараш Конырбаева (онлайн), КУУнун журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын доценти Айна Дүйшекеева, Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басма сөз жана электрондук ММК кафедрасынын окутуучусу Элкуат Төлеметов, «Улут» проектинин өкүлдөрү Өмүрбек Абдырахманов менен Чолпон Ашымова, 5-каналдын спорттук комментатору Гүлмира Үмөталиева жана журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын ага окутуучусу Лира Калчаева форумдун темасы боюнча баяндамаларды жасашып, журналистика чөйрөсүндөгү маселелердин бардык спектри, эл аралык журналистиканын актуалдуу маселелери, медиа чөйрөсүн өнүктүрүүнүн тенденциялары жана көйгөйлөрү, жаңы өзгөрүүлөр жана ММКнын учурдагы абалы  боюнча кызуу талкуу болду.

"ММК ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ШАРТЫНДА"

Жыйындын соңунда журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк баяндамачыларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер