Миссури Университети Борбор Азияны дүйнөгө кантип таанытууда?
- 13.06.2025
- 0
АКШнын эң байыркы жана кадыр-барктуу окуу жайларынын бири болгон Миссури Университети эл аралык кызматташууну кеңейтүү багытында Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурууда. 2025-жылдын май айында “Ала-Тоо” Эл аралык университети АКШдагы Миссури Университети менен кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюп, анын алкагында медицина, юриспруденция, саясат таануу жана журналистика тармагында биргелешкен илимий долбоорлор ишке ашырылмакчы. Ошондой эле студенттер магистратура жана PhD даражалары боюнча стипендиялык программаларга, аны менен катар илимий изилдөөлөргө катыша алышат.
Бул альянсты өзгөчө кылган нерсе эмнеде? Эмне үчүн бүгүнкү күндө алдыңкы америкалык университеттердин көңүлү Кыргызстанга бурулуп жатат? Кайсы мүмкүнчүлүктөр азыртадан эле студенттер менен изилдөөчүлөр үчүн ачылууда?
АЭУнун ректорунун коомчулук менен байланыш жана маданият маселелери боюнча кеңешчиси Наристе Алиева Миссури Университетинен келген доктор Мэри Стегмайер менен “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) жолугушуп, эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы этабы тууралуу талкуу өткөрдү. Бул кызматташтык АЭУ менен Миссури Университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн келечекте маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келе турган оң бурулуш болушу мүмкүн.
– Доктор Стегмайер, бүгүнкү жолугушубуздун негизги себеби –Борбор Азия, Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө активдүү катышып жатканыңызда. Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири катары АЭУ менен Миссури Университетинин ортосунда келишимге кол коюлганын белгилөөгө болот. АКШ менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө сизди эмне шыктандырды?
– Чакырууңуздарга чоң рахмат, бул мен үчүн чоң сыймык. Мен – саясат таануучумун, постсоветтик мейкиндиктеги салыштырма саясат багытында адистешем. Кыргызстанга биринчи жолу 2015-жылы келгем, андан кийин 2017-жылы кайра кайтып келдим. Ал эми 2020 жана 2021-жылдары бул жакта бир аз көбүрөөк убакыт өткөрдүм. Ошол учурда менде АКШнын студенттерин Борбордук Азияга, тактап айтканда, Кыргызстанга алып келип, аларга бул аймак, анын маданияты, тарыхы, табияты жана эли тууралуу көбүрөөк тааныштыруу керек деген бир ой жаралды. Тактап айтканда, 2021-жылдан тартып жыл сайын АКШнын студенттери үчүн Кыргызстанда алмашуу программаларын уюштуруп келем. Бул мен үчүн да, студенттерим жана окутуучу-кесиптештерим үчүн да абдан баалуу жана бай тажрыйба болууда.
– Демек, сиздин Борбордук Азия менен узак мөөнөттүү байланыштарыңыз бар экен. АЭУ менен болгон кызматташтыгыңыз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз: окутуучулардын жана студенттердин сапары кандай өттү?
– Ооба, Миссури Университетинде Кыргызстан жана Өзбекстандын университеттери менен түзүлгөн кызматташтык келишимдер бар. Ал эми АЭУ боюнча айтсам, эки жыл мурун менин студентим Кыргызстанда окуу программасына катышкан. Азыр ал Fulbright программасынын стипендиаты болуп, АЭУда англис тилинен сабак берип жатат.
Мындан тышкары, ошол эле Fulbright программасынын алкагында сиздердин журналистика кафедрасынын окутуучусу, доктор Элира Турдубаеваны кабыл алдык. Ал Миссури Университетинин Журналистика мектебинде лекция окуп, ошондой эле Орусия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азияга арналган студенттик клубдун жолугушуусуна катышты. Башкача айтканда, бизде кызматташтык боюнча тажрыйба жана байланышыбыз буга чейин эле түзүлө баштаган. Ошондуктан эки университеттин ортосунда келишимге кол коюу – логикалуу кадам болду.
– Келечектеги өнөктөштүккө байланыштуу Миссури Университетин эмне кызыктырат?
– Биз дүйнөнүн булуң бурчунан, анын ичинде Борбордук Азиядан мыкты студенттерди тартууга кызыкдарбыз. АКШда магистр же PhD даражасын алуу мүмкүнчүлүктөрү, стипендиялар, ассистенттик программалар жана окуу менен күнүмдүк жашоого кетчү чыгымдарды жабууга жардам берген гранттар тууралуу ар дайым айтып келем.
Мындан тышкары, биздин Азия борборунда бир нече программалар бар: бири студенттер, экинчиси окутуучулар үчүн. Бул кыска мөөнөттүү программалар америкалык маданият менен билим берүү системасын тааныштырууга, англис тилин өнүктүрүүгө шарт түзөт. Мындай программалар, өзгөчө каржылык жагынан чет өлкөдө окуунун мыкты альтернативасы. Ошондой эле окутуучулар үчүн илимий кызматташууну кеңейтүү максатында изилдөө стажировкалары уюштурулган.
– Университеттер илимдин кайсы тармактарында натыйжалуу иштеше алат?
– Албетте, журналистика – алардын бири. Миссури Университети дүйнөдөгү эң мыкты журналистика мектептеринин бири менен сыймыктанат. Сиздердин окутуучу биздин командага чоң таасир калтырды, кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем.
Мындан тышкары, медицина, экологиялык изилдөөлөр жана туруктуу өнүгүү тармактарында өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турабыз. Мисалы, жакында АЭУда өткөн жолугушууда Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулаганбыз, ошол эле учурда мен изилдөө грантына бирге тапшырууга кызыкдар болгон кесиптештеримди эстедим.
– АЭУ менен Миссури Университетинин ортосунда өнөктөштүк мамилелердин өнүгүшүн көрүү абдан кызыктуу. Түшүнгөнүмө караганда, бул келишим изилдөө багытындагы кызматташууну гана эмес, бакалаврлар менен магистранттар үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт. Бул туурабы?
– Туура. Кол коюлган кызматташтык келишими биргелешкен илимий изилдөөлөрдөн жана гранттык долбоорлордон тартып, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнө чейин ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келечекте студенттер тобу менен Кыргызстанга келгенде, сиздердин окутуучулар менен көбүрөөк убакыт өткөрөбүз деген үмүттөмүн. Ошол эле учурда АЭУнун студенттери Миссуриде кыска мөөнөттүү академиялык программаларга катышуу же магистратура жана PhD программаларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бакалавриат боюнча биргелешкен же кош диплом программаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн да карап жатабыз.
– Мүмкүнчүлүктөр чындыгында олуттуу. Биз азыртадан эле сентябрда башталчу жаңы окуу жылына даярдык көрүп жатабыз, жакынкы мезгилге карата так пландарыңыз барбы?
– Ооба, биз журналистика факультетинин жетекчилери менен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн Zoom-жолугушуу уюштурууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, АКШда, өзгөчө магистратура жана PhD деңгээлинде окууну каалаган студенттер үчүн онлайн-сессия өткөрө алам. Мындай программаларга документтерди тапшыруу мөөнөтү көбүнчө декабрь же январь айларына туура келет, студент эртерээк арыз берсе, стипендия же грант алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Апрель же май айларында мындай мүмкүнчүлүктөр адатта аз болуп калат, анткени негизги каржылоо тандоонун биринчи этабында бөлүнүп берилет.
– Орто Азиядан келген студенттер үчүн академиялык өсүшкө мындай көп мүмкүнчүлүктөрдүн болушу абдан сонун. Миссури Университети атактуу журналистика факультетинен тышкары, башка көптөгөн тармактарда да белгилүү, мисалы, химия жаатында. Нобель сыйлыгынын лауреаты, доктор Джордж Смит сиздерде сабак берет. Ошондой эле креативдик жазуу жана англис тили бөлүмдөрү да кеңири таанымал. Профессор Уильям Педен креативдик жазуу боюнча таасирдүү программаны негиздеген. Университетиңиз жөнүндө АЭУнун студенттерине толугураак айтып берсеңиз. АЭУда да журналистика, медицина, маалыматтык технологиялар, укук жана башка көптөгөн күчтүү программалар бар. Балким, ушул багыттарда да кызматташтыкты өнүктүрө алабыз?
– Албетте! Миссури университети 1839-жылы негизделген, бизге дээрлик 200 жыл болду. Биз – Миссури штатынын башкы мамлекеттик университети, башкача айтканда, флагмандык жогорку окуу жайы болуп саналабыз. Университетте бакалавриат, магистратура, PhD программалары боюнча, ошондой эле укук, ветеринардык медицина, медицина жана башка көптөгөн тармактар боюнча кесиптик программаларда жалпысынан 31 000дей студент билим алат.
Бул комплекстүү университет болуп, ар түрдүү тармактарды камтыйт: искусство, гуманитардык жана социалдык илимдер, журналистика, бизнес, архитектура, инженерия жана медицина. Бизде дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген болжол менен 1 400 чет элдик студент билим алууда.
Быйыл күзүндө Fulbright программасы аркылуу Ош мамлекеттик университетинен бир илимпозду кабыл алабыз. Ал изилдөө иштерин жүргүзүп, лекцияларды окуйт. Бул америкалык студенттерге Борбор Азияны, Кыргызстанды таанытуу, алардын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, бул аймак тууралуу америкалык студенттер көп билишпейт. Ошондуктан чет элдик студенттер менен окумуштуулардын келиши, алардын илимий иштери жана түздөн-түз баарлашуусу – глобалдык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы.
–Ал эми чет өлкөдө окууну ойлонуп жаткан АЭУнун студенттерине кандай кеңеш берет элеңиз?
–Сиздер менен өнөктөш болуу – биз үчүн чоң сыймык. Көптөгөн студенттер “Мен жетишерлик акылдуу эмесмин”, “Менин акчам жок”, “Билбеген өлкөгө баруудан корком” деп чочулашат. Бирок баары мүмкүн. Эң негизгиси – мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп көрүү. Сиздер ар дайым түздөн-түз мага кайрылып, жазсаңыздар болот. Ошондой эле EducationUSA кеңселери менен, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарындагы Америкалык бурчтар менен байланышыңыздар. Алар сиздерге маалымат жагынан эле эмес, стипендияларды табууда да жардам бере алышат. Айрыкча, магистратура жана PhD даражасында окууну каалаган, максаттуу студенттер үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн келгендерге колдоо көрсөтүлөт. Эң башкысы – максат коюу жана жаңы нерселерге кызыгуу.
– Доктор Стегмайер, сиз жогорку академиялык кызматты ээлейсиз жана аялдар лидерлигинин мыкты үлгүсү болуп саналасыз. Сиздин оюңузча, эл аралык академиялык кызматташтык Кыргызстанда жана бул региондогу башка өлкөлөрдө гендердик жана маданий ар түрдүүлүктү кеңейтүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
– Абдан жакшы суроо. Мен дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун, Борбордук Азияда болобу же башка региондордо – университеттерде жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар менен жолукканыма ар дайым кубанычтамын. Бул жогорку окуу жайлардын адамдын келип чыгышына же иденттүүлүгүнө карабастан, таланттуу адамдарды колдоого умтулуп жатканынан кабар берет.
Жогорку билим берүү – бул мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы. Биз, лидерлер катары, студенттер үчүн үлгү болушубуз керек. Америкалык университеттердин кампустарында маданий, диний жана улуттук ар түрдүүлүктү колдойбуз. Бул биздин талкууларды тереңдетип, дүйнөнү кеңири көз караш менен көрүүнү үйрөтөт.
Борбордук Азия, айрыкча, табиятты сактоо боюнча туруктуу тажрыйбалары жана салттуу каада-салттары менен өзгөчөлөнөт – бул АКШ үчүн да үлгү боло алат. Ошол эле учурда, америкалык тажрыйба мекенине кайтып келген студенттер үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Эң негизгиси – өз ара тажрыйба алмашуу.
Дүйнө азыр глобалдык чакырыктарга туш болуп жатат, аларды жалгыз жеңүү мүмкүн эмес. Чыныгы чечимдерге биргелешип ой жүгүртүү жана ачык диалог аркылуу гана жетүүгө болот.
АЭУнун басма сөз кызматы
Комментарийлер