Минкабдын төрагасы дүлөйлөр жана угуусу начар спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды
- 14.09.2023
- 0
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров угуусу начар жана дүлөйлөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришти.
Үстүбуздөгү жылдын 3-11-сентябрында Бишкек шаарында угуусу начар жана дүлөйлөр арасында дүйнө чемпионаты өткөн.
Министрлер кабинетинин башчысы президенттин атынан спортчуларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген 250 спортчунун арасынан биздин балбандар командалык эсепте ардактуу үчүнчү орунду ээлеген мелдештеги жеңиши менен куттуктады.
Жапаров өлкө жетекчилиги дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруп жатканын белгиледи.
«Спорт – ден соолук. Мамлекет башчысы спорт жаатындагы чоң-чоң иш-чараларды Кыргызстанда өткөрүүгө жана спортчуларга колдоолорду көрсөтүүгө абдан кызыкдар. Жакында эле Кыргызстанга дүйнөлүк футболчулар келди, кошуна өлкөлөрдүн баары суктанды. Бул башталышы. Дагы чоң-чоң өзгөрүүлөр болот», — деди Акылбек Жапаров.
Комментарийлер