МинКабдын төрагасы Ош облусундагы жаңы ачылган бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

  • 30.08.2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы бир катар жаңы курулүп бүткөн  бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

МинКабдын төрагасы Ош облусундагы жаңы ачылган бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Алгач Жапаров Зулпиев айыл аймагындагы “Кашкалдак” бала бакчасына барды. Заманбап бардык шарты менен курулган бала бакча 120 балага ылайыкташып, жергиликтүү 27 адам жумуш менен камсыз болгон. Курулуштун жалпы суммасы 43 млн сомдон ашуун.

Андан соң Кара-Таш айыл аймагындагы “Бүрабия эне” бала бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал үчүн 55 млн сом жумшалган. Мында 3 жаштан 6 жашка чейинки 100 бала кабыл алынат. Бул айыл аймактын калкынын саны 16 миңден ашуун.

Быйыл жаңыдан курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышкан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштаарын жана мындай заманбап бала бакчаларды куруу иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөөрүн билдирди.

Бөлүшүү