Минкаб башчысы КУУнун студенттерине лекция окуду
- 03.04.2024
- 0
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн меймандык лекциясын окуду.
Минкаб башчысы дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата пландары тууралуу айтып берди.
Иш-чарага ОшМУнун жана Ош техникалык университетинин студенттери да онлайн режиминде катышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер