МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ФИЛИППИНДИН ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 26.05.2023
  • 0

17-22-майда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, бөлүмдүн жетектөөчү адиси Динара Урматова, министрдин жардамчысы Алтынбек Абдылдаев Филиппин Республикасынын Билим берүү департаментине барып, мектепке чейинки билим берүү, балдарды дене-тарбиялык жактан өнүктүрүү сапатын баалоо, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды психологиялык-педагогикалык коштоо үчүн шарттарды түзүү, педагогдорду даярдоо тажрыйбасы жана анын жыйынтыктары менен таанышты.

МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ФИЛИППИНДИН ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министрликтин кызматкерлери бала бакчаларда мамлекеттик жана жеке каржылоонун эсебинен каржыланган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин моделдери, ата-энелердин салымы, окуу процессин уюштуруу жана иштөө ыкмалары менен таанышты.

Кыргыз делегациясы ошондой эле Филиппин Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборуна, Азия өнүктүрүү банкынын башкы кеңсесине барды.

Сапардын жыйынтыгында тараптар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

Сапар KIX долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин катышуусу жана колдоосу менен уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер