МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “КЫРГЫЗТЕСТТЕН” ӨТҮП ЖАТЫШАТ

  • 25.02.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек, Чүй райондорунун билим берүү борборлорунун, орто жана жогорку  кесиптик билим берүү окуу жайларынын жетекчилери мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча  тестирлөөдөн  өтүштү.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мыйзамга ылайык, ар бир кызматкер мамлекеттик тилди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү экенин белгилеп, билим берүү тутумундагы кызматкерлердин каалоочуларына тесттен өтүү сунушун берген.

Жалпы 73 кызматкер тесттен өтүү каалоосун билдирип, анын биринчи күнүнө 40 адам катышты. Министрлик билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин тилди билүү деңгээлине көзөмөл жүргүзүү менен мониторинг жасап турмакчы.

Эми тестирлөөгө аймактык билим берүү мекемелеринин, кесиптик лицейлердин,  колледждердин жана университеттердин ректорлору катышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер