МИНИСТРЛИК «ПЕДАГОГДОРДУН ЭМГЕК АКЫСЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЭСЕПТӨӨ» СИСТЕМАСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

  • 10.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүнү санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун алкагында ишти улантууда. Европа Биримдигинин техникалык колдоосу менен «Педагогдордун эмгек акысын автоматташтырылган эсептөө» системасы киргизилди.

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана тууралоо 1С 8.2 ишканасы жана 62 интернатка ыңгайлашуу программасына ылайык жүргүзүлүп, эмгек акыны автоматташтырылган эсептөө ар бир мектеп-интернаттын спецификасын эске алуу менен интернат тибиндеги билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине маянаны ар айлык эсептөөнү камтыйт.

Бул система бизге билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүүгө, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, анын ичинде ар бир билим берүү мекемеси боюнча өлкөдөгү административдик-чарбалык персоналдын жана педагогикалык кызматкерлердин, маалыматтар базасынын статистикалык санын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акыларды эсепке алуу менен эмгек акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер