МИНИСТРЛИК МЕНЕН КУКЖЕ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМ

  • 28.02.2024
  • 0

27-февралда Билим берүү жана илим министрлиги менен Корей Республикасынын Кукже университетинин ортосунда өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

МИНИСТРЛИК МЕНЕН КУКЖЕ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМ

Кол коюу аземине Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Кукже университетинин башкы директору Шин Хо Чул катышты.

Меморандумдун алкагында тараптар биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү, окутуунун алдыңкы методдорун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, дизайн жана тигүү өнөр жайы тармагында жогорку квалификациялуу кадрларды жана адистерди даярдоо, илимий кеңеш берүү үчүн профессорлорду тартуу менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б. милдеттер боюнча кызматташууну мерчемдөөдө.

Меморандумдун предмети – биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана тараптардын узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер