МИНИСТРЛИК АК-ТАЛААГА ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖӨНӨТТҮ
- 08.02.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Ак-Талаа районундагы орто мектептерге 7- класстар үчүн “АДАМ ЖАНА КООМ” окуу китебин (550 даана) жана мугалимдер үчүн (37) методикалык колдонмолор жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, быйылкы 2023-2024-окуу жылында бул убакытка чейин да 7- орус класс үчүн физика, 8-орус класстары үчүн химия, 1-класстарга «Алиппе» окуу китептери келип, окуучулар китеп менен камсыз болушса, мектептердин китеп фонду толукталып жатканын кубануу менен айта кетүү абзел.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер