МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: «БҮГҮН БИЗГЕ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АРМИЯСЫ КЕРЕК!»

  • 07.09.2021
  • 0

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын билим берүү системасындагы педагогикалык кызматкерлердин, жетекчилердин конференциясы өтүп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева катышууда. Ал конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билим берүү тармагынын эң актуалдуу маселелерине токтолуп, ушул жерде чогулган тармактын өкүлдөрү аларды коомчулук менен бирге жалпылап четтетүүгө аракеттениши керектигин баса белгиледи.

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЖЫЛДЫЗ БАКАШЕВА: «БҮГҮН БИЗГЕ МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АРМИЯСЫ КЕРЕК!»

— Биз сапаттуу, адеп -ахлактык  тарбия берүү маселесин коомчулуктун активдүү катышуусунда чечишибиз керек. Азыр коомдо моралдык өксүк өкүм сүрүп турганын тана албайбыз. Билим берүү тармагынын актуалдуу маселери баарыбызга маалым. Ал: мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү, кошумча билим берүүнү жогорулатуу, мугалимдердин статусун көтөрүү, көп тилдүү билим берүү, инклюзивдүү билим берүү жана баардык тармактарды санариптештирүү.

Бизде азыр дипломдуу адистер көп болгону менен, сабаттуу адистер аз болуп жатканын мойнубузга алышыбыз керек, — деди ал.

Жылдыз Кемеловна андан аркы сөзүндө билим берүү системасында иштеп жаткан донорлорду, эл аралык уюмдарды министрлик колу жетпей жаткан багыттарга активдүү тартуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле бул тармакта аткарылган иштерге изилдөөлөр, маалыматтар, анализ жүргүзүү иштери тиешелүү деңгээлде жетишпей жатканын айтты. Ал билим берүү багытында иштеп жаткан баардык долбоорлорду инвентаризациялоо керек деп эсептейт.

Жылдыз Бакашева сөзүн жыйынтыктап жатып, катышуучуларга коронавирус илдетине каршы эмдөө акциясына активдүү катышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөдү. Анткени жаңы башталып жаткан окуу жылы эпидемиялык кырдаалга толук көз каранды деди ал.

Конференцияга КР министрлер кабинетинин өкүлдөрү, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин өкүлдөрү, мектепке чейинки, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүүнүн педагогикалык кызматкерлери жана жетекчилери, башталгыч, орто жогорку кесиптик билим берүүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер