МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЭМГЕК САЯСАТЫ БОЮНЧА ТАЛКУУГА КАТЫШУУДА

  • 24.11.2023
  • 0

22-23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова ЕС DARYA (Dialogue and Action for Resourceful Youth in Central Asia) долбоорунун алкагында Италиянын Турин шаарындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышууда.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЭМГЕК САЯСАТЫ БОЮНЧА ТАЛКУУГА КАТЫШУУДА

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү жана эмгек министрлеринин орун басарлары Европа тышкы байланыш кызматынын, Европа комиссиясынын, Латвиянын, Франциянын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен аймакта окутууну жана билим берүүнү өнүктүрүүдө инклюзивдик ыкмаларды талкуулашат.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ЭМГЕК САЯСАТЫ БОЮНЧА ТАЛКУУГА КАТЫШУУДА

Ошондой эле катышуучулар он жылдын ичинде жогорку квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдоо боюнча Ташкенттеги Турин политехникалык университетинин мисалында алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүшөт.

ЕС DARYA долбоору билим берүү тармагында Европа Биримдигинин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн аянтча болуп саналат. ЕС DARYA долбоорунун бюджети 10 миллион еврону түзүп, Европа Биримдиги тарабынан каржыланат. Аны Европа билим берүү фонду ишке ашырат.

Бөлүшүү

Комментарийлер