МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 29.03.2024
  • 0

27-мартта Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жана офлайн форматта жыйын өткөрдү.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жыйында министрдин орун басары кесиптик лицейлерде профилдик окутууну уюштуруу, лицензиялоо жана аккредитациялоо маселелери, бак-дарактарды отургузуу программасы, окуу жылын аяктоого даярдык көрүү, аткаруучулук жана эмгек тартиби боюнча сөз кылып, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлерде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көзөмөл системаларды орнотууну тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер