МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ИӨБдүн ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН 4 БАГЫТТА КЫЗМАТТАШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 28.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Ислам өнүктүрүү банкынын техникалык тобу менен жолугушуп, билим берүү тармагы үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген 4 багытта кызматташуу маселелерин талкуулады.

Атап айтканда, министрдин орун басары мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчалар менен камсыз кылуу, жалпы билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин жоюу үчүн мектептерди куруу, санариптик билим берүү платформасы жана PISAга даярдоо сыяктуу тармактарда мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Ошондой эле Токтобүбү Ашымбаева Кыргыз Республикасына Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен келген ИӨБдүн өкүлдөрүнө билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жасалып жаткан аракеттер жана андагы кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди.

Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү бардык сунуштарды жана идеяларды эске алып, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер