МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

  • 25.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду Бишкек шаарындагы мектептерге балдарын 1-класска каттай албай калган ата-энелер менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

Жолугушуунун жүрүшүндө Жусупбекова Надира 1-класска балдарды каттоонун эрежелерин ата-энелерге түшүндүрүп, алардын суроолоруна жооп берди.

Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча жарандардын кайрылууларын кароо үчүн Бишкек шаарынын ар бир райондук билим берүү борборунда комиссиялар түзүлөт. Ал комиссиялардын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун, Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын, МАБдын жана көзкарандысыз уюмдардын өкүлдөрү кирет.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер