МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ АӨБнын ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 12.10.2022
  • 0
2022-жылдын 11-октябрында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ АӨБнын ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
АӨБнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде болушту. Жолугушууда Расул Абазбек уулу келген конокторго министрликтин атынан сүйлөп, билим берүү тармагына көрсөткөн жардамы жана салымы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү тармагына көп көңүл буруп жаткандыгын жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу чоң экендигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет. Долбоордун алкагында республиканын 8 колледжинде алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлгөн. Бул окуу жайларында окуу жана өндүрүштүк инфраструктура толугу менен реконструкцияланып, окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлгөн.

Расул Абазбек уулу билим берүүнүн мазмунун өнүктүрүү боюнча долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Учурда эмгек рыногу терең билимдүү адистерге гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги компетенттүүлүккө ээ чыгармачыл адистерге муктаж экенин түшүнөбүз”, — деди министрдин орун басары.

Долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов социалдык тармактагы долбоорлорду кароодо гранттык негизде каржылоо мүмкүнчүлүгүн жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу керектигин белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында реконструкцияланган Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжинин лабораторияларын, аудиторияларын, окуу жана өндүрүштүк жабдууларын, жыйындар залын карап чыгышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер