МИНИСТРДИН КОЛДООСУ БИЗГЕ СТИМУЛ БОЛДУ

  • 15.08.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев август айынын башында, иш сапарынын алкагында, Тогуз-Торо районунун билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышты. Райондогу эң чоң жана билим сапатынын көрсөткүчү бийик болгон №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине “Ыраазычылык кат”, компьютер менен камсыз болууга сертификат, ошондой эле айрым алдыңкы мугалимдерге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин жана Билим берүүнүн Ардак грамотасын тапшырды. 

                             

-Каныбек Капашевичтин келип, биздин иштер менен жакындан таанышканы абдан кубандырды. Өзгөчө көп жылдан бери билим сапаты боюнча эле эмес, райондук,облустук олимпиаданын, жылына алынып келген “Алтын тамга”, “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн  көрсөткөчтөрүнө таянып, мектепти гимназия статусуна өткөрүү максатыбызды колдоого алганы биз үчүн эң чоң жетишкендик болду. Макмал мектеби ишке кирген жылдан баштап эле райондун алдыңкы сабынан түшпөй келет. Эми гимназия болсок, бизге болгон чоң ишенимди актайбыз деп турабыз, дейт — мектеп директору Назгүл Атамкулова.

Алыскы райондун мектептеринин алдыңкысы болгон Макмал мектебинде бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция агентствосу «АРИС» долбоорунун негизинде 84млн долларга 14 айлык мөөнөт менен «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу жана имаратта энергонатыйжалуулукту жогорулатуу максатында» (ПУТС) долбоорунун негизинде мектепте 2023-жылдын ноябрь айына чейин капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Окуу жылынын башына чейин башталгыч класстар корпусу даяр болуп, окуучулар жаңыланган класстарга кирип окушат.

                            Чыгармачыл мугалимдердин, чыгаан окуучулардын устаканасы

№1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал орто мектеби 1983-жылы Макмал алтын кен комбинаты тарабынан курулуп баштап, 1986-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген.

Мектеп салынып, ишке кирген күндөн тарта күчтүү, чыгармачыл, иштерман директорлордун башкаруусунда болуп келген. Эң алгачкы директор — Арстанбек Ниязалиев, Макмал мектебине күчтүү кадрларды даярдоо менен ишти жакшы жолго салып коллективди түптөй алды. Кийинки жетекчилер: Ардак Ормонбекова, Светлана Моңолова, Сапар Аттокуров, Таалайбек Орокбаев, Салкын Матиева, Апал Базаровалар  новатор-педагогдордун алдыңкы идеяларын колдонуу менен мугалимдердин усулдук чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп, мектептин инфраструктурасын тиешелүү деңгээлде көзөмөлгө алып келди.

Окутуу мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлгөн мектепте 1570 окуучу билим алып келет. 2013-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизиде «Кыргыз республикасынын 100 инновациялык мектеби» деген статуска ээ болсо, 2016-жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасын бекемдөө» долбоорунун алкагында сапаттуу билим берүүнү жайылтуудагы 30 инновациялык мектептин тизмесине кирген.

Райондун агартуучулары 1994-жылдан бери «Жыл мугалими» сынагына катышып, чыгармачылыгын өркүндөтүп келет. Бул сынакка башка мектептен бирден эле мугалим катышса, Макмал мектеби экиден мугалимин даярдап, райондук эле эмес, облустук турдун байгелүү орундарынын ээси болуп келет.

Мисалы, 2022-2023-окуу жылындагы «Жыл мугалими» сынагында башталгыч класстардын мугалими Кулубаева Забида райондук, облустук турдан баш байгелерди багындыруу менен республикалык турга жолдомо алган жана азыр кызуу даярдык көрүп жаткан учуру. Бул мугалимге Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев Билим берүүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми “Алтын тамга” тестирлөөсүндө өз билимин тастыктай алган Луиза Законалиева жана Акчолпон Тотуевалар — мектептин күзгүсү болуп эсептелишет.

МИНИСТРДИН КОЛДООСУ БИЗГЕ СТИМУЛ БОЛДУ

МИНИСТРДИН КОЛДООСУ БИЗГЕ СТИМУЛ БОЛДУ

А.Асаналиева “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер