МИНИСТРДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БИШКЕКТИН ПИЛОТТУК МЕКТЕПТЕРИНДЕ 1-ДЕКАБРДАН ТАРТА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СЕКЦИЯЛАР ИШТЕЙТ

  • 23.11.2022
  • 0

22-ноябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугуп, волейбол секцияларын уюштурууну талкуулады.

МИНИСТРДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БИШКЕКТИН ПИЛОТТУК МЕКТЕПТЕРИНДЕ 1-ДЕКАБРДАН ТАРТА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СЕКЦИЯЛАР ИШТЕЙТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында спорттун командалык түрлөрүн жайылтуу, дене тарбия жана сергек жашоону пропагандалоо, ошондой эле жогорку окуу жайлардын студенттеринин кесиптик тажрыйбалык көндүмдөрүн өркүндөтүү Жарлыгынын алкагында, 2022-жылдын 1-декабрынан баштап министр Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен Бишкек шаарынын 10 пилоттук  жалпы билим берүү уюмдарында волейбол боюнча секциялар уюштурула баштайт.

Секцияларды Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-3-курсунун 22 студенти өткөрөт. Секцияларга медициналык кароодон жана коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өткөн окуучулар киргизилет.

Секциялар 2023-жылдын 30-мартына чейин окуудан тышкаркы убакытта мектептердин спорттук залдарында, аянтчаларында өткөрүлөт.

2023-жылдын апрель айында  пилоттук жалпы билим берүү уюмдарынын тайпаларынын арасында турнир уюштурулат.

Пилоттун жыйынтыгы жемиштүү болсо, жогорку окуу жайларынын студенттерин тартуу менен жалпы билим берүү уюмдарына спорттун түрлөрү боюнча секцияларды киргизүү мындан ары дагы улантылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер