МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ УЛАНБЕК УСЕКОВ ЖАНА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

  • 29.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖКнын депутаты Кундузбек Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы мектептерге барды.

МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ УЛАНБЕК УСЕКОВ ЖАНА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация мүчөлөрү Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышышты. Мектепте 46 мугалим эмгектенип, 700дөн ашуун окуучу билим алат. 1990-жылы курулган билим берүү мекемесинин имаратын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча жылуулук системасын жаңыртуу зарыл.

Ошондой эле делегация Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектепке дагы барышты.1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер