МИНИСТР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАРАКОЛДОГУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КУРУЛУШУ ЖАНА ОҢДООСУ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРДИ

  • 18.06.2024
  • 0

Министр Догдуркүл Кендирбаева Караколдо “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын көчмө жыйынынын жүрүшүндө №15 Карга Мендегул уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имаратынын долбоору жөнүндө айтып берди.

МИНИСТР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАРАКОЛДОГУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КУРУЛУШУ ЖАНА ОҢДООСУ ТУУРАЛУУ АЙТЫП БЕРДИ

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Догдуркүл Кендирбаева  жаңы имарат куруунун эки вариантын айтып, т.а. биринчиси 500 орунга ылайыкталып, баасы 215 млн сомду түзсө, экинчиси 750 орунга эсептелип, баасы 450 млн сом экенин билдирди. Учурда мектепте 1200дөн ашуун бала үч нөөмөттө окуйт.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков баштаган депутаттар мектепти 5 жылдык перспектива менен куруу керектигин белгилешти.

Андан соң депутаттар 1000ден ашуун студент билим алган академик И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжге барышты. Колледждин директору окуу корпусун жана колледждин жатаканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Фракция лидери Бактыбек Сыдыков капиталдык оңдоо маселеси тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда карала турганын билдирди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер