МИНИСТР ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 08.12.2023
  • 0

Жуманын ар бир төртүнчү күнү билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алат. Бул жолу дагы, т.а. 7-декабрда ал мектептеги жетекчилердин мыйзамсыз иш-аракеттери, инклюзивдик, психологиялык билим берүү, мектеп-интернаттарынын директорлор конкурсу, сыйлык берүүдөгү маселелер ж.б. боюнча жарандарды кабыл алды.

МИНИСТР ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Министр бардык кайрылууларды, сунуштарды угуп, алар мыйзам чегинде чечилерин билдирди. Белгилей кетсек, жарандар министрдин кабыл алуусуна алдын ала “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылышкан.

Коомчулуктун эсине салып коелу, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 62-05-19

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер