МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ

  • 14.04.2023
  • 0

13-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине барды.

МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ

Каныбек Иманалиев окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, колледждин окуу бөлмөлөрүн жана мейманканасын карап чыкты.

Белгилей кетсек, окуу жай 1979-жылы негизделген. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен реконструкцияланган жана “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” адистиги боюнча студенттерди окутуу үчүн мейманкана ачылган.

Азыр бул жерде 9 адистик, алардын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү”, “Моделдөө, конструкциялоо жана тигүү буюмдарынын технологиясы”, “Компьютердик технологиялар жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык камсыздоо” жана башка адистиктер боюнча даярдалат.

Бөлүшүү

Комментарийлер