МИНИСТР ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРГА БЕЛЕК ТАПШЫРДЫ

  • 09.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов волейбол секцияларынын машыктыруучуларына шыктандыруучу белектерди тапшырды.

МИНИСТР ВОЛЕЙБОЛЧУЛАРГА БЕЛЕК ТАПШЫРДЫ

“Сиздер жасап жаткан иш өзүнчө мактоого татыйт. Айрыкча өсүп жаткан коомду дени сак жашоого үндөөдө башкаларга үлгү боло турган иш менен алектенип жатасыздар. Ар бир кадамыңыздарды ийгилик коштосун!”-деди министр.

Эске сала кетсек, министр Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен, аталган волейбол секциялары 2022-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарынын 10 мектебинде пилоттук режимде иштей баштаган. Сабактарды Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын 2-3-курстарынын 22 студенти ийгиликтүү өткөрүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер