МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНТЕГРАЦИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 05.04.2023
  • 0

4-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ИНТЕГРАЦИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар эки мамлекеттин билим жана илим тармагындагы кызматташтыгын, атап айтканда, II Кыргыз-Венгер ректорлор конференциясын өткөрүү, Кыргыз-Венгер ЖОЖдорунун консорциумун өнүктүрүүнү талкуулашты.

Эске салсак, 27-мартта Венгриянын элчилиги Кыргызстандын мектептерине Шандор Петёфинин “Азаттык жана махабат” китебинин 100 нускасын өткөрүп берген. 2017-жылдан бери 488 кыргызстандык жаран Венгриядагы стипендиялык программалар аркылуу Венгриянын университеттеринде билим алып жатат. 2023-жылы I Кыргыз-Венгер ректордук конференциясы өтүп, эки өлкөнүн ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча 31 меморандумга кол коюлган.

Бөлүшүү

Комментарийлер