МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВГО ОБУДА УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ МҮЧӨСҮ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 14.02.2023
  • 0

2023-жылдын 13-февралында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлор Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев башында турган Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын ректорлору Венгриянын Обуда жана Будапешт Метрополитен университеттеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жогорку билим берүү тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВГО ОБУДА УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ МҮЧӨСҮ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Обуда университети менен кызматташтык жөнүндө Меморандумдун негизинде кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жана Салымбеков университети Будапешт Метрополитен университети менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновго  профессор, информатика мугалими катары билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Обуда университетинин ардактуу мүчөсү наамы ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер