МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВДУН ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

  • 10.11.2022
  • 0

“Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Илим күнү менен куттуктайм!

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВДУН ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

Илим – мамлекеттин эң маанилүү түркүктөрүнүн бири. Ал коомду алдыга жылдырып, технологияны өнүктүрүп, өндүрүштү өркүндөтүү менен жаңы багыттарга жол ачат. Илимсиз дүйнөнү, келечекти элестетүү мүмкүн эмес.

Илимди окумуштуулар жаратат. Ал ар бир эле адамга ачыла бербейт. Бир жолу эле илимпоз болуу жетишсиз. Чыныгы илимпоз эч качан үйрөнүүнү, билүүнү, ойлоп табууну жана жаратууну токтотпойт!

Кымбаттуу илим тармагынын кызматкерлери!

Сиздерге илимдеги жаңы жетишкендиктерди, ачылыштарды жана дүйнөлүк таанууну каалайм!

Бөлүшүү

Комментарийлер