МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 27.12.2022
  • 0

27-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимованын катышуусунда И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Жаштар жаратмандардын жолу менен” аталышындагы жолугушуу болду. Ага окуучулар, студенттер жана жаш мугалимдер катышты.

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ЖАШТАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Министр Уланбек Мамбетакунов жаштар коомдун өнүгүшүндө чоң роль ойной турганын белгилеп, министрлик ар дайым жаштардын сунуштарын, идеяларын угуп, колдоого аларын айтты.

Жолугушууда И.Арабаев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрүнө диплом жана китептер тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:

I орун – Зарина Калыбек кызы

II орун – Токтобү Эстебес кызы

III орун – Кутман Асангулов

Бөлүшүү

Комментарийлер