МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

14-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебине барды.

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Анда министр учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептеги окуунун жүрүшүнөн жана андагы санитардык талаптардын аткарылышынан кабар алды.

Аталган мектепте балдардын сабакка катышуу көрсөткүчү жогору болгондуктан азырынча карантин киргизүү зарылдыгы жок. Мындан улам сабактар кадимки режимде уланууда.

Министр Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылында түзүлгөн эпидемиологиялык мезгилине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө Нускамда бекитилген талаптарды аткарууну тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер