МИНИСТР ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 28.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев менен жолукту.

МИНИСТР ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жолугушууда 28-мартта Бишкек шаарында өтө турган Түрк академиясынын илимий кеңешинин VI жыйынынын күн тартибиндеги маселелер, академиянын кызматташтыкты илгерилетүүдөгү ролу, Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлору жана алдыга коюлган пландар тууралуу пикир алышуу болду.

Каныбек Иманалиев Шахин Мустафаев  Эл аралык Түрк Академиясынын президенти болуп дайындалгандан бери Кыргызстанга жасалган алгачкы сапары экенин куттуктап, жумушчу сапары жемиштүү болоруна ишеним артты.

Шахин Мустафаев өз кезегинде министрге жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эртеңки жыйынды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер