МИНИСТР ОШТУДА

  • 01.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Ош технологиялык университетине иш сапары менен келди.

Министрди Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев баштаган университеттин жетекчилик курамы тосуп алып, окуу жайдын ишмердүүлүгү, билим берүү процесси жана өнүгүү багыттары боюнча маалымат беришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Гульзат Исаматова университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, заманбап окуу лабораторияларын, илимий-изилдөө борборлорун, окуу корпустарын жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Ошондой эле университетте билим берүү сапатын жогорулатуу, илим жана инновация тармагындагы жетишкендиктер, эл аралык кызматташтык байланыштар жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор тууралуу маалыматтар сунушталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү, илимий-инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүү жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер