МИНИСТР ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 13.06.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев  29-майдан 4-июнга чейин Ташкент шаарында өткөн Аль-Хорезми эл аралык олимпиадасына катышкан окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдери менен жолукту.

МИНИСТР ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Министр Кыргызстанды дүйнөгө таааныткан окуучулар менен мугалимдерине ыраазычылык айтып, келечекте дагы да бийиктиктерди багындыруусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле өлкөдө олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүгө кошкон салымы жана  өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык  Аль-Хорезми олимпиадасына окуучуларды жогорку деңгээлде даярдагандыгы үчүн «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Махамадхан Ишматовго, 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасына окуучуларды жогорку деңгээлде даярдап, байгелүү орунду камсыздагандыгы  үчүн Ч.Айтматов атындагы лицейинин химия мугалими Альмир Самаркуловго, жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн «Интеллект Про Скул» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү жана директору Жакшылык Матанов жана ушул эле мекеменин эл аралык олимпиадаларга даярдоо бөлүмүнүн координатору Алия Турар кызына ыраазычылык кат тапшырды. Окуучуларга болсо билимдүүгө дүйнөнүн жаңы эшиктери ачыла берерин айтып,  китептерди белекке берди.

Аталган эл аралык олимпиадага Өзбекстан, Азербайжан, Казахстан, Тажикстан  мамлекетинен 72 окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан Фңдор Корнияш, Тимур Акенеев,  Султан Мусаходжаев, Даниярова Медина,  Адилет Шакиралиев, Саян Сарыкбаев, Амантур Токтоназаров, Бектур Айдаров катышты.  Алардын ичинен  №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Федор Корнияш алтын медаль жеңип алса,  «Газпром Кыргызстан» мектебинин окучусу Тимур Акенеев күмүш медалга, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев коло медалга ээ болгон.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим» 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер