БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ЭКИ ИНТЕРНАТТАН КАБАР АЛДЫ

  • 22.11.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Ысык-Ата районунда жайгашкан Дмитриевка жана Красная Речка көмөкчү мектеп интернаттарынын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ ЭКИ ИНТЕРНАТТАН КАБАР АЛДЫ

Дмитриевка жана Красная Речка көмөкчү мектеп интернаттары өкмөттүн интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо планына кирет. Окуу жайга баа берилип, 2019-2020-окуу жылында кайра түзүлүшү керек.

Бул эки көмөкчү мектеп интернаттарында 235 бала бар, алардын 80%ынын үй-бүлөсү Чүй облусунда жашайт. Ал эми 60 баланын ата-энеси Ысык-Ата районунун аймагында турат. Дагы 22 баланын жакындары Бишкек шаарында жашайт. Балдарды көмөкчү мектеп интернаттарына жайгаштыруунyн негизги себеби – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн инклюзивдүү билим берүү шарттары жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы жана орто мектептерде сабакка жетишүүсүнүн начардыгы.

Каныбек Исаков интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо  Билим берүү жана илим министрлигинин башкы приоритети экенин белгиледи.

“Көмөкчү мектептердеги ар кандай билим алуу муктаждыгы бар окуучулар интернаттарда эмес, жашаган жеринде, өзү курактуулар менен билим алышы керек. Мындай ыкма алардын үй-бүлөдө толук кандуу өнүгүшүнө жана коомдук жашоого активдүү катышуусуна көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди министр.

Бул приоритетти ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча иштеген жарандык коом менен кызматташууну активдештирет.

Министрдин бул сапары Кыргыз Республикасынын президентинин интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо планынын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын алкагында жасалды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 

Бөлүшүү

Комментарийлер