МИНИСТР “МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

  • 20.01.2021
  • 0
МИНИСТР “МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

Билим берүү жана илим министри Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи менен таанышып, “Мен мугалим болгум келет” Республикалык мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн эссе конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктады. 

МИНИСТР “МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

Өз сөзүндө министр аталган конкурстун демилгечиси, дүйнөдө жаңы чыгып жаткан инновациялык методдорду кыргыз билим берүүсүнө алып келүүнүн үстүндө иштеп жаткан агайлардын бири болгон Дүйшөн Шаматовго ыраазычылык билдирди.

МИНИСТР “МЕН МУГАЛИМ БОЛГУМ КЕЛЕТ” РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзө турган эң негизги саясаттардын бири мугалим жана билим берүүнүн статусун көтөрүү, экинчиси – коомчулукту билим берүүнү колдоого тартуу экенин баса белгиледи.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер