МИНИСТР МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

  • 01.03.2021
  • 0

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн “Көркөм жана социалдык-педагогикалык багыттардагы усулдук кейстеринин” программалык-усулдук иштелмелеринин Республикалык сынагы жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын “Ийгиликке карай жол” аттуу республикалык кесиптик сынагы жыйынтыкталды.

МИНИСТР МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Республикалык сынактар методикалык компетенттүүлүктү өркүндөтүү, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, мугалимдердин жана менеджерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, мазмунду, технологияларды жаңыртуу максатында жана балдар үчүн класстан тышкаркы кошумча билим берүү тутумун иштеп чыгуу милдеттерин ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

Сынак 2020-жылдын 1-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейин өткөрүлүп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган. Маалыматтык-методикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана техникалык колдоо Республикалык “Балажан” эстетикалык билим берүү окуу-методикалык борбору тарабынан көрсөтүлдү.

2021-жылы 26-февралда конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи “Балажан” Респубикалык окуу-методикалык эстетикалык тарбия берүү борборунда болуп өттү.

МИНИСТР МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Жалпысынан эки сынакта 17 мугалим жана 15 мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары сыйлык алышты.

Жеңүүчүлөрдүн дипломдору жана компьютерлер, ноутбуктар, принтерлер түрүндөгү сыйлыктар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилип, аларды Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзү тапшырды. Министр өз сөзүндө мектептен тышкары кошумча билим берүүнүн жогорку адеп-ахлактуу, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл, демилгелүү, компетенттүү жаранды калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи. Ошондой эле, Алмазбек Бейшеналиев мектептен тышкаркы кошумча билим берүү тармагында эмгектенген педагогдор үчүн республикалык форум өткөрүү пландалып жатканын билдирди.

МИНИСТР МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Сынактар ​​ мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана жетекчилеринин жаңыланууга, изденүүгө, жаңы технологияларды, инновациялык методдорду киргизүүгө болгон кызыгуусун көрсөтүп, мугалимдер арасында маалыматтык, уюштуруучулук жана коммуникативдик компетенттүүлүктү калыптандырууга өбөлгө түздү. Талдоо, педагогикалык ишмердүүлүктүн тажрыйбасын жалпылоо, уюмдун тарбия иштери боюнча пландарын иштеп чыгуу, ийримдердин жана студиялардын программалары, методикалык адабияттарды изилдөө көндүмдөрү мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана жетекчилеринин методикалык билимин толуктады.

МИНИСТР МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Калыстар тобунун чечими менен методикалык иштер боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүлөр болду:

  • Пенкина Валентина – Чүй райондук балдар чыгармачылык борбору;
  • Кудинова Наталья – Ысык-Көл облустук балдар жана жаштар чыгармачылык борбору;
  • Мамаражапова Марзиха – Чоң-Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору;
  • Жусупбекова Рахат – Кара-Көл шаарынын балдар чыгармачылык үйү;
  • Елизавета Марченко – Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору;
  • Мусина Айнур – “Балажан” борбору.

Экинчи орундар төмөнкүлөргө берилди:

  • Мамасалиева Жамила – Сузак райондук балдардын чыгармачылык борбору;
  • Сакиева Бактыгүл – Ала-Бука райондук балдардын чыгармачылык борбору;
  • Кыздарбекова Аида – Аламүдүн балдардын чыгармачылык борбору;
  • Ишанкулов Баходир – Лейлек райондук “Баластан” балдар чыгармачыл борбору;
  • Орозакунова Айзат – Ак-Талаа райондук балдардын чыгармачылык борбору.

Үчүнчү орундар:

  • Ботоева Эркингүл – Түп райондук балдардын чыгармачылык борбору;
  • Саламатов Тимур – Бишкектеги “Оле Лукойе” балдарды өнүктүрүү борбору;
  • Жолдошбай кызы Динара – Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйү;
  • Мамбеталиева Гүлжан – “Таң нуру” Москва райондук балдар чыгармачыл борбору;
  • Султанова Тамара – Араван райондук балдардын чыгармачылык борбору;
  • Сагынбаева Мээрим – Талас облустук балдардын билим берүү борбору.

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын “Ийгиликке карай жол” аттуу республикалык кесиптик сынагы өткөрүлүп, жамааттык иштер сунушталды. Орундар төмөнкүдөй болду:

  • Биринчи орунга ээ болгондор:
    — “Баластан” балдардын билим берүү борбору, Талас шаары, Талас облусу;
    — Баткен облусунун Лейлек райондук “Баластан” балдар чыгармачылык борбору;
    — Чүй облусунун Токмок шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору;
    — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук балдарга билим берүү борбору.
  • Экинчи орун:
    — Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдардын чыгармачылык борбору жана Балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору Майлуу-Суу шаары, Жалал-Абад облусу;
    — Ош облусунун Кара-Кулжа атындагы балдардын чыгармачылык борбору;
    — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы балдардын билим берүү борбору;
    — Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борбору;
    — Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарындагы балдардын билим берүү борбору.
  • Үчүнчү орун:
    — Нарын облустук балдардын билим берүү борбору;
    — Жалал-Абад облустук балдардын чыгармачылык үйү;
    — Нарын облусунун Ат-Башын райондук балдардын билим берүү борбору.

Сынактын атайын сыйлыктары Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаардык балдардын чыгармачылык борборуна жана Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборуна тапшырылды.

Көркөм жана социалдык-педагогикалык багыттагы жана өнүгүү программаларындагы мыкты методикалык кейс чечимдеринин санариптик топтому Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана “Балажандын” сайтында бардык интернет колдонуучулары үчүн мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн педагогикалык коомчулугу үчүн ачык жана жалпыга жеткиликтүү болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер