МИНИСТР КУПЕШЕВ: «МЕКТЕП КөЙГөЙЛөРүН ЖОН ТЕРИМ МЕНЕН СЕЗГЕН КИШИМИН»

  • 02.06.2021
  • 0

Талас облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында министр Болотбек Купешев Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда аталган райондордун жалпы билим берүү уюмдарындагы, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы маселелер ачык талкууланды. Мектеп директорлору мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарды оңдоого каражаттарды өз убагында бөлүп берүү, башталгыч класстардын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражаттын суммасын көтөрүү боюнча өз ойлорун ортого салып, бул маселелерди чечип берүүнү суранышты.  Ал эми бала бакчалардын жетекчилери мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штатына медайым штаттык бирдигин толук киргизип берүүнү өтүнүштү.

Министр бүгүнкү жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер негизинен республиканын башка аймактарына да мүнөздүү экенин белгиледи.

«Жалпысынан республика боюнча билим берүү тармагында көйгөйлөр көп экен, баарын кыска мөөнөттө чечип салабыз деп айткандан алыспыз, бирок колубуздан келишинче чечкенге аракет кылабыз. Эгерде баарыбыз бир жакадан баш чыгарып билим берүү системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө салым кошсок, бир-эки жылдын ичинде позитивдүү өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мен бул сөздөрдү бир кездерде араңыздарда жүрүп, ушул тармактын көйгөйлөрүн жон терим менен сезген киши катары айтып жатам», — деди министр.

Мындан сырткары министр Купешев Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков жана аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов менен жолугуп, райондогу билим берүүнүн абалы боюнча пикир алышты. Ошондой эле Кара-Буура, Бакай-Ата райондорундагы курулушу токтоп турган, жылытуу системасы эскирген мектептерге барып, жумушчулар менен жолугушту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер