БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

  • 01.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев бүгүн, 1-июнда, иш сапары менен Талас облусуна барды. Алгач ал Талас районунун Кум-Арык айылындагы көмөкчү мектеп-интернатына кайрылып, интернаттын эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушту.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

Министр интернаттын тарбиялануучуларын бүгүнкү майрамы — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, министрликтин атынан мектепке акыркы моделдеги эки комплект компьютерди белек кылды. «Учурдан пайдаланып бардык кыргызстандыктарды, айрыкча келечек ээлери болгон жаш муундарды бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Балдарыбыздын телегейи тегиз, келечеги кең болсун!» — деди ал.

 

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

Ошондой эле министр интернаттын абалы менен таанышып, жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин бүткөрүү боюнча облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, интернаттын жылытуу системасын калыбына келтирүү, имараттардын чатырын жаңылоо, уктоочу бөлмөлөрдү  жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, китепкананы кыргыз тилиндеги окуу китептери менен толуктоо ж.б. тапшырмалар берилди.

БОЛОТБЕК КУПЕШЕВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ТАЛАСКА БАРДЫ

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бул интернатта 122 бала тарбияланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер