МИНИСТР KOICA ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫН ЖАНА ЫКТЫЯРЧЫЛАР КЫЙМЫЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 05.04.2023
  • 0

2023-жылдын 4-апрелинде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Джонгсу менен жолугушту.

МИНИСТР KOICA ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫН ЖАНА ЫКТЫЯРЧЫЛАР КЫЙМЫЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Атап айтканда, Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлерди окутуу программасын ийгиликтүү ишке ашыруу, магистратурага документтерди кабыл алууга даярдыгы тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү колдоо үчүн KOICA ыктыярчылар программасын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында келишимдерди ишке ашыруунун милдеттери жана мөөнөттөрү бекитилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер