МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ФРАНЦИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 23.05.2023
  • 0

22-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус, Француз альянсынын жана француз тилин окутуучулар ассоциациясынын президенти Мария Акчекеева Франциянын мектептеринде эне тилин жана чет тилдерин окутуу тажрыйбасын колдонууну талкуулашты.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ФРАНЦИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инклюзивдик билим берүүнү уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу, мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектептердин байланышын жөнгө салуу практикасын колдонуу, Кыргызстан менен Франциянын университеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык багыттар боюнча кош дипломдуу программаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер