МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭКИ ЖОЛУ ПРЕЗИДЕНТТИН МАКТОО БАРАКЧАСЫНА ТАТЫГАН ЖАТАК-ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ

  • 03.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Ноокат билимканасы” жатак-лицейине барды.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЭКИ ЖОЛУ ПРЕЗИДЕНТТИН МАКТОО БАРАКЧАСЫНА ТАТЫГАН ЖАТАК-ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ

Министр анда окуучулар менен кошо окутуучу курамдын жетишкендиктерине күбө болуп, лицейдин тажрыйбасын башка мектептерге да жайылтуу керектигин айтты.

“Ноокат билимканасы” жатак-лицейи 1989-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты Өмүрзак Мамаюсуповдун демилгеси, жергиликтүү бийликтин, айыл тургандарынын жардамы менен атайын математикалык багыттагы лицей катары уюшулган.

Ушул күнгө чейин лицейди 1 миң 247 окуучу бүтүрүп, анын ичинен 159у “Алтын тамга” тестинен ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Дагы 32си алтын медаль жана экөө алтын сертификат алган.

Мындан сырткары жатак-лицейдин окуучулары предметтик олимпиада боюнча райондук, шаардык, республикалык баскычтарынын жеңүүчүлөрү жана эл аралык олимпиаданын катышуучулары болууга жетишкен.

2021-2022-окуу жылында бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке 100% катышып, орточо баллы 170, эң жогоркусу 214 болуу менен мыкты жыйынтык көрсөткөн.

Учурда лицейде 22 мугалим эмгектенип, анын ичинен 14 мугалим — “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээлери.

Жылдын жыйынтыгы боюнча предметтик олимпиадага 6 окуучу катышып, “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы боюнча 6 окуучу артыкчылык аттестатын алышты.

2022-2023-окуу жылында окуучулар Ирандагы геометрия олимпиадасына, Казакстандагы математика боюнча эл аралык Жаутыков олимпиадасына жана Леонард Эйлер атындагы америкалык математика олимпиадасына катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер