МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШЧУ АДИСТИКТЕРГЕ ЭЭ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

  • 11.05.2023
  • 0

Бүгүн, 10-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаарынын мэриясынын, жергиликтүү колледж, лицейлердин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалына катышты.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШЧУ АДИСТИКТЕРГЕ ЭЭ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

Министр Каныбек Иманалиев фестивалды ачып жатып, жумушчу кесиптердин маанисин белгиледи.

“Акыркы жылдары орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын популярдуулугу өстү. Мунун себеби колледж жана лицейлерди аяктаган балдар жумушсуз калбагандыгына байланыштуу. Эмгек рыногунда техникалык адистиктерге өзгөчө суроо-талап болууда. Андыктан мен бүтүрүүчүлөрдү жумушчу адистиктерге ээ болууга үндөгүм келет”, — деди министр.

Нарын шаарынын мектептеринин жана ага жакын жайгашкан айылдардын 9-11-класстарынын окуучулары үчүн колледждер менен лицейлердин окутуучулары жана студенттери окуу багыттары, кабыл алуу шарттары, окуу программалары тууралуу айтып берип, мастер-класстарды өтүштү.

Бул иш-чарада окуучулар окуу жайлардын кызматкерлери, жумуш берүүчүлөр менен баарлашып, сынактарга катышып, студенттердин мода көргөзмөсүнө жана концертине күбө болушту.

Фестиваль мектеп окуучуларына кесип тандоодо, артыкчылыктуу адистиктерди таанытууда, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоодо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу үчүн уюштурулган.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында экинчи жылы уюштурулду. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер