МИНИСТР GIZтин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 25.04.2023
  • 0

24-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкөлүк директору Виктор Ветцель, “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси Соня Каббаши-Анджелкович, “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси Толгонай Кудайбергенова жана долбоордун кызматкерлери менен жолугушту.

МИНИСТР GIZтин ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Министр GIZ кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүү өнөктөштөрдүн бири экендигин баса белгиледи.

Тараптар дуалдык окутууну киргизүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагындагы жаңы долбоорлор аркылуу кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Белгилей кетсек, GIZ Кыргыз Республикасынын аймагында 1992-жылдан бери иштеп келет жана ошондой эле экономиканы өнүктүрүү, жерди туруктуу пайдалануу, трансчек аралык суу ресурстарын башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырат.

Бөлүшүү

Комментарийлер